2030-жылга чейин Чүй облусунун 100 миң тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз болотСүлүктүдө шахта урап, бир кенчи каза болду — ӨКМКытайлык ишкана күн жана шамал электр станцияларын курууга 1 млрд доллар инвестиция салууга кызыкдарДанияр Токтотемиров: «Өлүк жандар» тирилүүдөЭртең Бишкекте фонтандар сезону ачылатКытай менен чек арадагы көзөмөл-өткөрмө пункттары майрам күндөрү убактылуу жабылат
Алмаз Мамбетов Оштун мэри болуп шайланды
26.08.2021 | 11:45
Ош шаарынын мэри болуп Алмаз Мамбетов шайланды. Ал мэрлик кызматка жалгыз талапкер болчу.
Бүгүн, 26-августа Ош шаардык кеңешинин жыйынында мэрди шайлоо болуп өттү.
Жыйынга катышкан 45 депутаттын 43ү Алмаз Мамбетовдун талапкерлигин колдосо, экөө каршы добуш берди.
Буга чейин Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматын ээлеп келген.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат