28-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтБекешев көп кабаттуу үйлөрдү санарип башкарууну жана ТСЖнын чыгымдарын толук көзөмөлдөөнү сунуштоодоЖКда жаңы үйлөнүүчүлөрдү никеге чейин медициналык текшерүүдөн өтүүгө милдеттендирүүнү сунуштап жатышат — кенен маалыматМай майрамдарында Кыргызстандын ооруканалары кандай тартипте иштейт? Саламаттык сактоо министрлиги маалымат бердиКытай экспорттук жеңилдиктерди кыскартууда: кыргызстандык импорттоочулар даяр болушу керекBITF 2026: Бишкекте биринчи жолу эл аралык туристтик көргөзмө өтөт
“Мекеним сага келдим”. Айсулуу Тыныбекова эгемендүүлүккө карата ыр окуду – видео
31.08.2021 | 20:44
Олимпиаданын күмүш медалынын ээси Айсулуу Тыныбекова Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата “Мекеним сага келдим” ырын окуп берди. Видео спортчунун социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
“Урматтуу кыргызстандыктар!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм!
Жашасын менин өлкөм, жаша Кыргызстан!” – деп жазган ал.
Ырдын автору акын Акбар Кубанычбеков.
Белгилей кетсек, бүгүн, 31-августта Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы белгиленди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом