28-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтБекешев көп кабаттуу үйлөрдү санарип башкарууну жана ТСЖнын чыгымдарын толук көзөмөлдөөнү сунуштоодоЖКда жаңы үйлөнүүчүлөрдү никеге чейин медициналык текшерүүдөн өтүүгө милдеттендирүүнү сунуштап жатышат — кенен маалыматМай майрамдарында Кыргызстандын ооруканалары кандай тартипте иштейт? Саламаттык сактоо министрлиги маалымат бердиКытай экспорттук жеңилдиктерди кыскартууда: кыргызстандык импорттоочулар даяр болушу керекBITF 2026: Бишкекте биринчи жолу эл аралык туристтик көргөзмө өтөт
Абдугапаров Жогорку Кеңештин депутаты болду
01.09.2021 | 11:18
Авазбек Абдугапаров бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйында ант берди. «Республика – Ата-Журт» саясий партиясынын тизмеси боюнча Умбеталы Кыдыралиевдин ордуна келди.
Кыдыралиев «Кыргызалтын» компаниясынын башчылыгына кеткендигине байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган.
Белгилей кетсек, “Жогорку Кеңештин статусу жөнүндө” мыйзамга ылайык, жаӊы депутат парламентте ант берген соӊ, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат