Онлайн эмес: Бишкектеги мектептер эртең кадимки тартипте иштейтОвсюктун жаңы коркутуусу: бул жолу Бишкектеги соода борборлоруОкуучуларды коркуткан адамдын өздүгү аныкталдыБишкектеги мектептер 17-октябрда онлайн форматка өтөтБишкекте белгисиз адам окуучуларды коркуткан— мектептер курчоого алынып, балдар эвакуацияландыКыргызстанда айдоочуларды окуткан унааларга текшерүү жүрүп жатат
Бишкекке жаңы биринчи вице-мэр келди
03.09.2021 | 15:03
Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп Максатбек Сазыкулов дайындалды. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, ал турак жай жана коммуналдык маселелер боюнча жооптуу болот.
Бул кызматты 2021-жылдын июнь айынан бери аркалап келген Жамалбек Ырсалиев Биринчи май районунун акими болуп мэрдин буйругу менен кеткен.
Максатбек Сазыкулов 44 жашта. Ал Каржы министрлигинде, Мамлекеттик кызмат агенттигинде, өкмөттүк аппаратта иштеген, Кыргыз улуттук университетинде окутуучу болгон. 2015-жылдан бери Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунда иштеген. Быйыл июнь айында Бишкектин экономика жана каржы маселелери боюнча вице-мэри болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат