Эгерде, бийлик Учкун 2 конушундагы жер тилкелерин трансформациялап, мыйзамдаштырып бербесе кайрадан жол тосушат. Бүгүн жол кырсыгынан кийинки нааразылык митингинде жергиликтүү тургундар билдиришти.
Алар бийликтен жер тилкесин мыйзамдаштырууну жана Манас аэропорту- Бишкек жолундагы кечки “шумахерлерди” ооздуктоону талап кылышууда.
Айтымдарында, талап аткарылбаса жол тосуусун токтотушпайт.
19-сентябрь күнү 50 жаштагы аялды ошол жолдон мотоциклчен бирөө өлтүрө сүзүп, азыр убактылуу кармоочу жайда. Ушул жагдайга нааразы болгон тургундар жол бөгөп, кайра ачышкан болчу.