Чүйдө жүргүнчүнүн сабалышы боюнча тергөө иштери жүрүүдө

Чүйдө жүргүнчүнүн сабалышы боюнча тергөө иштери жүрүүдө

Кичи автобустун жүргүнчүсүнүн сабалышы боюнча тергөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу 20-сентябрда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Назира Имангазиева «Reporter.kg» сайтына билдирди.

Анын билдирүүсү боюнча, социалдык тармактарга тараган видеодогу 48 жаштагы Д.А. аттуу жабырлануучу жаран 10-сентябрда Ысык-Ата РИИБне арыз менен кайрылып, коңшусуна жана анын балдарына чара көрүүнү суранган. Анын негизинде бул факты каттоого алынган.

«Бул иш боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп, учурда акыркы факты боюнча соттук -медициналык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгы менен тергөө иштери жүрүүдө»,- деди ал.

Ошондой эле жабырлануучу буга чейин да укук коргоо органдарына 2020-жылдын июн жана декабрь айында ошол эле кошунасы уулдары менен сабап кеткенин айтып, милицияга арызданган. Чүй ОИИБ жогоруда аталган райондун милиция кызматкерлери тарабынан чара көрйбөй жаткандыгы тууралуу жарыяланган маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын билдирет. Ошол эле учурда, милиция кызматкерлери тарабынан аталган жарандын бардык жазуу жүзүндөгү билдирүүлөрүнө ылайык бардык зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөнү жана жүргүзүлүп жаткандыгы жөнүндө билдирет.

20-сентябрда Чүй облусунда кичи автобустун ичинен бир кишини сууруп чыгып, аны үч киши сабап салгандыгы тууралуу видео социалдык тармактарга тараган. Окуя 10-сентябрда Ново-Покровка айылында болгон. Бул видеодогу автордун билдирүүсү боюнча, бул иш боюнча Ысык-Ата райондук милициясы эч кандай чара көрбөй жатканы айтылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>