Ысык-Көлдүн түбүнөн бир чакырымдан ашык браконьердик тор чыгарылдыОшто 100 жумуш орундуу кондитердик цех ачылдыЭки күн ичүүчү суусуз: Бишкекте 21- жана 22-апрелде пландык өчүрүүлөр болотБишкекте тартипке 24/7 режиминде көз салынууда — ШИИБдин борбору кантип иштейтБорбор Азия мамлекеттери аймактын глобалдык позициясын талкуулаштыОрмуз кысыгы кайрадан жабылды — ИРСК каалаган кемеге сокку уруларын эскертти
Дайынсыз жоголгон 16 жаштагы Хадичанын сөөгү табылды
21.09.2021 | 16:13
Чүй облусунда жоголгон кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустун борбордук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин маалым болгондой, жоголгон 2005 -жылы туулган Хадича Болотбекова изделип жаткан, ал ушул жылдын 15 -сентябрында Жайылма айылынын Айдаров көчөсүндөгү үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Бүгүн саат 13:30 чамасында суу сактагычтын жээгиндеги Серафимовка жана Туз айылдарынын ортосунан жергиликтүү тургундар кыздын сөөгүн табышкан. Алгачкы кароо жүргүзгөндө денесинде зордук –зомбулуктун белгилери табылган жок. Туугандары кыздын сөөгүн таанышкан.
Учурда бардык жагдайлар такталып жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом