Жамалдинов: Кабинеттен чыкпай туруп, аткарбаган жумушту отчет кылбагыла

Жамалдинов: Кабинеттен чыкпай туруп, аткарбаган жумушту отчет кылбагыла

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов аярлуу катмардагы балдарды социалдык жактан коргоо боюнча алгылыктуу жумуш жүрбөй жатканын айтып, тиешелүү тармак жетекчилерине балдарды коргоо, зордук зомбулуктарды алдын-алуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чараларды күчөтүү тапшырды.

“Бүгүнкү жыйында облустун райондорундагы социалдык адистердин өз ишин жакшы алып барбаганы ачыкталды. Сиздер кабинеттен чыкпай жатып, кагазга аткарбаган жумуштарды эле отчет кылып отурбаңыздар. Бул тармака өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Мындай жыйындарды эми квартал сайын өткөрүп, бул маселе боюнча иш алып барбаган тармак жетекчилердин кызмат ордун да карайбыз”,-деди Жамалдинов.

21-сентябрда Ош облусунда “Турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдү жана балдарды социалдык жактан коргоо” боюнча жыйын өткөрүлдү. Жыйында жашы жете элек жана өспүрүм балдар менен иш алып баруу жана балдардын кызыкчылыгын алдыга жылдыруу жана коргоо маселеси боюнча пландаштырылган иш-чаралардын долбоору тууралуу талкуу жүрдү

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>