BITF 2026: Бишкекте биринчи жолу эл аралык туристтик көргөзмө өтөтБишкекте курттардын капташы: Ак-Босогодогу теректер эмне болууда?Кыймылсыз мүлктү сатууга өз алдынча тыюу. Дастан Бекешевдин түшүндүрмөсүКыргызстан менен Казакстандын банктары кооптуу сызыктаБишкек менен Душанбе парламенттик кызматташууну күчөтүүнү талкууладыКыргызстанда окуу жылы 15-сентябрда башталат — себептери
Садыр Жапаров өзүнүн жактоочусун медаль менен сыйлады – видео
23.09.2021 | 13:17
Президент Садыр Жапаров жактоочусу Шарабидин Токтосуновго “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи” медалын тапшырды. Бул тууралуу жактоочу социалдык түйүндөгү баракчасына жазды.
Токтосунов куттуктагандардын баарына ыраазычылык билдирди.
Сыйлык тапшыруу аземи кечээ, 22 -сентябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында болуп өттү. Маалым болгондой, президент өлкөнүн көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата ар түрдүү чөйрөнүн өкүлдөрүнө бир катар мамлекеттик сыйлыктарын тапшырды.
Токтосунов Жапаровдун райондук, шаардык жана Жогорку сотторунда жактоочусу болгон жана президент камакта кезинде аны колдоо митингдерине катышкан.
