Матраимов берген миллиарддар бюджетке түшө элек

Матраимов берген миллиарддар бюджетке түшө элек

Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимов берди делген миллиарддар Каржы министрлигине түшө электиги боюнча Юрист Нурбек Токтакунов өзүнүн фейсбуктагы баракчасына видео кайрылуу кылды.

Анын кайрылуусунда, Каржы министрлигинен жемкорлуктан түшкөн каражаттардын канчасы түштү жана алар кайсы багыттарга сарпталып жатат деген суроо жөнөткөн. Расмий мекеме, бюджетке түшө элек, алар күч органдарынын эсебинде тураарын айткан.

Юрист, дүйнөлүк практикада жемкорлуктан түшкөн каражаттар казынага түшпөй, белгисиз жактарга кетип калган учурлар көп болоорун кошумчалаган.

Ал Матраимов 2 млрд. сом казынага төкмөк. Анын 1 млрд. 400 миң сомун накталай, калганын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк аркылуу төлөнгөнү кабарланган.

 

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>