Абдибаева сөздөрү атайылап бурмаланганын айтып, УКМКга кайрылганын билдирди

07.10.2026 | 15:16

Жогорку Кеңештин депутаты Айсара Абдибаева педофилдерге жазаны жеңилдетүүнү же аларга пробация колдонууну сунуштабаганын билдирди. Парламенттин жыйынында ал 29-сентябрда Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин отурумунда айткан сөздөрүнүн айланасындагы резонанс боюнча түшүндүрмө берди.

Абдибаеванын айтымында, акыркы күндөрү коомчулукта анын позициясы тууралуу такталбаган жана бурмаланган маалыматтар тарап жатат. Ал комитетте көтөргөн маселе өзүнүн жеке демилгеси же жеке пикири болбогонун баса белгиледи.

Депутат 2026-жылдын 26-майында ага «Укук коргоо» коомдук бирикмесинин төрагасы Бекболот Калыбековдон жана бирикменин мүчөсү Тахмина Кулубаевадан кайрылуу келип түшкөнүн айтты. Алар Кылмыш-жаза кодексинин айрым нормаларына — 154-158-беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин кароону суранышкан.

Абдибаеванын айтымында, кайрылуунун авторлору бул беренелерди колдонуу практикасын комплекстүү талдап, ар бир кылмыштын конкреттүү жагдайларын эске алууну жана жаза жасалган жосунга шайкеш болушун камсыздоону сунушташкан. Ага берилген маалымат боюнча, ушундай эле кайрылуулар президентке, Жогорку сотко, Башкы прокуратурага жана ИИМге да жөнөтүлгөн.

Андан кийин депутат бул маселени тиешелүү комитеттин кароосуна киргизген. Анын айтымында, июнь айынан тарта сот, прокуратура жана ИИМдин өкүлдөрү менен иш жүргүзүлө баштаган.

Абдибаева 29-сентябрдагы отурумда кылмыштардын айрым курамдарын бөлүктөргө бөлүп, ар бир иштин конкреттүү жагдайларын эске алуу менен жазаны кароо мүмкүнчүлүгүн талкуулоону сунуштаганын түшүндүрдү.

«Мен: күмөндүү жагдайлар болсо же адамдын күнөөсү далилденбесе, жазаны жеңилдетүү жагдайларын карап көрсөк кандай болот деп сурадым. Укук коргоо органдарына ушул маселени талкуулайлы деп кайрылгам», — деди ал.

Депутаттын айтымында, ал ошондой эле коңшу мамлекеттердин тажрыйбасын карап чыгууну сунуштаган. Анын билдиришинче, ал жакта ушуга окшош беренелер 10-15ке чейин өзүнчө бөлүктөргө бөлүнгөн. Абдибаеванын пикиринде, мындай тактоо тергөө жана сот органдарына ар бир иштин жагдайларын так баалоого жардам бермек.

Ошол эле учурда Абдибаева педофилдерге жеңилдик берүүнү сунуштады деген маалыматтарды кескин четке какты.

«Педофилге же кылмыш жасаган кылмышкерге жазаны жеңилдетүү же пробация берүү жөнүндө сөз болгон эмес. Комитетте отурган катышуучулардын баары буга күбө», — деди ал.

Депутат өзү Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышында зордук-зомбулукка каршы мыйзамдарды катаалдаштыруунун демилгечилеринин бири болгонун эске салды.

«Аял, эне, эл өкүлү катары мен кандай негизге таянып жаш өспүрүмдөргө зордук-зомбулук кылган кылмышкерге жеңилдик сурайм? Кылмышкер кылмыш кылдыбы — жазасын алышы керек. Керек болсо бул багытта жазалар күчөтүлүшү керек», — деди Абдибаева.

Ал өзүнүн сөздөрү атайылап бурмаланып, социалдык тармактарга таратылганын, андан кийин негизсиз айыптоолор блогерлерге жана телеканалдарга чейин жеткенин билдирди. Абдибаева муну «кызыкдар тараптардын» аракеттери деп эсептей турганын айтты.

Анын айтымында, бул маалыматтардын артында кимдер турганын аныктоо өтүнүчү менен УКМКга кайрылуу жөнөтүлгөн. Депутат билдиргендей, арызды ал гана эмес, эки коомдук бирикме да берген.

Абдибаева депутаттык ишмердүүлүгүнө карата ар кандай сын-пикирлер айтылышы мүмкүн экенин жана ар бир адам өз оюн билдирүүгө укуктуу экенин белгиледи. Бирок, анын айтымында, коомчулукка маалымат так, текшерилген жана бурмаланбаган түрдө жеткирилиши керек.

«Менин максатым — эл өкүлү катары бир жаран кайрылабы же жүз адам кайрылабы, алардын кайрылуусун тиешелүү органдарга жана бийликке жеткирүү, маселени чечүүгө билимимди, тажрыйбамды жумшап, элге кызмат кылуу», — деди Абдибаева.

Scroll to Top