Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
Нарын шаарында инновациялык-креативдик борбор ачылды
07.10.2026 | 14:51
Бүгүн, 7-октябрда, Нарын шаарында инновациялык-креативдик борбор ачылды. Анын ачылышына өлкө башчы Садыр Жапаров катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Имаратта китепкана, музей, теле жана аудио студиялар, кино-концерттик зал, коворкинг, IT-зоналар жана соода аянты жайгашкан. Борбор шаар тургундарынын, өзгөчө жаштардын чыгармачылык, билим берүү, инновациялык жана маданий демилгелерин колдоо максатында түзүлгөн.
Садыр Жапаров борбор менен таанышып, бул жай маданият, билим берүү жана чыгармачылык тармактарын бириктирген коомдук мейкиндик болорун айтты.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Нарын шаары, Садыр Жапаров





