Адылбек Касымалиев Анталья шаарында БУУнун COP31 конференциясына катышат

11.11.2026 | 10:06
Адылбек Касымалиев примет участие в конференции ООН COP31 в Анталье — Новости Кыргызстана

10-ноябрда Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Түркиянын Анталья шаарына барды.

Минкабдын маалыматында, өкмөт башчы БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясынын Тараптарынын 31-конференциясына (COP31) катышат.

Программанын алкагында Адылбек Касымалиев Лидерлер саммитинин ачылыш аземине, ошондой эле тоо күн тартибин илгерилетүү, мөңгүлөр жана криосфера маселелерине арналган жыйынга катышуусу пландалууда.

Scroll to Top