Чүй облусунда жигит таксистти жарадар кылып, ооруканага жеткирип, унаасын айдап качып кеткен

11.11.2026 | 09:37
Чүй облусунда жигит таксистти жарадар кылып, ооруканага жеткирип, унаасын айдап качып кеткен — Новости Кыргызстана

Чүй облусунда такси айдоочусуна кол салууга шектелген 19 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, окуя Сокулук районундагы дача массивдеринин биринде болгон. Белгисиз адам 1982-жылы туулган такси айдоочусуна кол салып, аны курч нерсе менен жарадар кылган.

Кол салуудан кийин жигит жабырлануучунун унаасынын рулуна отуруп, жарадар болгон айдоочуну ооруканага жеткирип, ошол жерге таштап кеткен. Андан соң анын унаасы менен качып кеткен.

Окуя тууралуу маалымат борбор калаанын милициясына «102» кызматы аркылуу түшкөн.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ленин РИИБдин кызматкерлери кол салууга шектелген адамдын өздүгүн аныкташкан. Ал 2007-жылы туулган Т. А. аттуу жаран болуп чыкты.

Шектүү кармалып, райондук милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Окуя Чүй облусунун аймагында болгондуктан, кармалган жаран иштин материалдары менен бирге андан ары териштирүү үчүн облустук ички иштер бөлүмүнө өткөрүп берилди.

Scroll to Top