Дастан Бекешев шайлоо, сөз эркиндиги жана саясий амбициялары тууралуу

Парламенттин көшөгө артында эмне болуп жатат? Депутаттар өз оюн канчалык эркин айта алышат? Өлкөдөгү кайсы көйгөйлөрдү биринчи кезекте чечүү зарыл? Ушул жана башка суроолор боюнча Reporter.kg Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев менен маектешти.
— Сиз төртүнчү жолу парламенттин депутаты болдуңуз. Бул жолку шайлоодо жеңишиңиз дээрлик кепилденгендей көрүнгөн. Өзүңүз да жеңериңизге ишендиңиз беле?
— Ишеним бар болчу, бирок баары бир толкундандым. Мен биринчи орунду ээлеп, мурдагы шайлоодон кем эмес добуш алышым керек эле. Анткени 2021-жылдан бери туура иштеп, шайлоочулар менен активдүү байланышта болуп келдим деп ойлойм. Алар менен дайыма түз байланышып турдум. Көпчүлүгүн аты-жөнүнөн тааныйм, айрымдарынын туулган күндөрүн да эстеп калгам. Ошондуктан жыйынтык начар болуп калса, капа болгондон көрө таң калмакмын.
Көптөр мага: «Сен биринчи орунду аласың да, эмнеге тынчсызданасың?» — деп айтышты. Бирок бизде саясат кандай экенин билесиз да. Шайлоочулар добуш берүүгө келеби же жокпу, ошону эле эмес, шайлоонун жыйынтыгына укук коргоо органдары менен президенттин администрациясы кандай карай турганын да эске алыш керек. Кимдир бирөө өз талапкерин өткөрүүгө кызыкдар болуп калбайбы? Анткени каалашса, каалаган талапкерге кылмыш ишин ойлоп таап, шайлоодон четтетип коюшу мүмкүн.
— Сиз көбүрөөк ушундан чочуладыңызбы?
— Корктум деп айта албайм, бирок мындай жагдайларды дайыма эске аласың. Мен эч кандай кылмыш кылган жокмун. Добуш сатып алган жокмун, анткени андай акчам деле жок болчу. Акчам болсо да, добуш сатып алгандан уялмакмын. Чынын айтсам, адамдын өзүнүн кадыр-баркы болушу керек да.
Бирок кимдир бирөө мени көп сүйлөп жатат же алардын талапкерине тоскоолдук кылып жатат деп чечсе, мага каршы бир нерсе уюштуруп коюшу мүмкүн. Тааныбаган бирөөнү таап, менин үгүтчүм деп көрсөтүп, акча таратып жатат деп айыпташат. Ал адамды мен такыр тааныбашым да мүмкүн.
2021-жылы УКМК ушундай чагымчылык уюштурган. Мен буга жеке өзүм туш болгом. Ошондуктан теория жүзүндө эмес, өз тажрыйбама таянып айтып жатам.
— Парламенттик кабарчы катары байкаганым, жетинчи чакырылышта депутаттар бири-биринин мыйзам долбоорлорун, атүгүл талаштуу демилгелерин да көп учурда колдошчу. Бирок сиздин мыйзам долбоорлоруңузду сынга алып, кайра иштеп чыгууга жөнөткөн учурлар аз болгон жок. Сиздин оюңузча, мунун себеби эмнеде?
— Анткени менин мыйзам долбоорлорум коом үчүн маанилүү, курч маселелерди козгочу. Мен деле мыйзамдагы бир үтүрдү жылдырып же эки сөздү өзгөртүп, мыйзам долбоорлорунун санын көбөйтө берсем болот. Бирок анын эмне кереги бар?
Менин демилгелерим көп учурда талаш-тартыш жаратчу. Бул кадимки көрүнүш, парламентте ушундай болушу керек. Бирок кээде түшүнүктүү эле маселелердин ушунча талаш жаратканына капа болчумун.
Жетинчи чакырылышта айрым кесиптештерим: «Сен өтө көп мыйзам долбоорун жазасың, бирок бизди демилгечилердин катарына кошпойсуң», — деп нааразы болушчу. Мага эмне, аябай эле керек болсо, кимди болсо да кошуп коем! Бирок айрымдары жөн эле кежирленип, каршы добуш беришчү. Бактыга жараша, азыр андай жок.
— Азыркы жана мурунку чакырылыштагы кесиптештериңиз менен мамилеңиз кандай?
— Жакшы, иштиктүү мамиледебиз. Албетте, жакын досторум да бар. Бирок депутаттардын көпчүлүгү менен негизинен жумушта гана жолугуп, сүйлөшөбүз. Ошентсе да убактыбыздын көбү жумушта өтөт эмеспи.
— Сиз 2010-жылдан бери парламентте иштеп келесиз. Бул аралыкта чоң саясий тажрыйба топтодуңуз. Депутаттык мандаттын алкагы сизге тардык кылбайбы? Башка саясий амбицияларыңыз барбы?
— Билесизби, азыркы бийлик системасында аткаруу бийлигине өтсөң, көп нерсе өзүңдөн көз каранды болбой калат. Тагдырыңды толугу менен бир адамдын колуна тапшырасың. Анын бир күнү маанайы жок болуп калса: «Сен жарабайсың, кет!» — деп коюшу мүмкүн. Элге болсо начар иштеп жатат деп түшүндүрөт.
Анан мен эмне деп каршы чыга алам? Эч нерсе кыла албайм. Ошондуктан азыркы системада депутат бойдон калуудан башка саясий амбициям жок.
— Сиз бийликти көп учурда ачык сындайсыз…
— Мен бийликти көп сындайм деп айтпайт элем. Мен конструктивдүү сын айтам. Кудайга шүгүр, кээде ал сынга макул да болушат.
— Айткандарыңызга өкүнгөн учурлар болобу?
— Албетте, болот. Менин үй-бүлөм, досторум бар. Айткандарым аларга кандайдыр бир терс таасирин тийгизип койбойбу деп тынчсызданам. Биздин өлкөдө мындай болушу толук мүмкүн.
— Бүгүнкү күндө депутаттар өз оюн канчалык эркин айта алышат?
— Бардык депутаттар үчүн жооп бере албайм. Эгер кайсы бир депутат эркин сүйлөй албайт десем, ал мага: «Балким, мен өзүм эле сүйлөгүм келбей жаткандыр?» — деп айтышы мүмкүн да.
Менимче, депутаттар каалаган оюн эркин айта алышат. Бирок айткан сөзү үчүн белгилүү бир кесепеттер болушу мүмкүн. Ошол эле учурда депутаттар жеке кызыкчылыгы үчүн эмес, коомдун кызыкчылыгы үчүн көбүрөөк сүйлөшсө дейм.
— Кыргызстандын эң олуттуу үч көйгөйүн атаңызчы. Аларды кантип чечмек элеңиз?
— Биринчи орунга билим берүүнү коет элем. Биз билим берүү системасын эмне кылып салдык? Орой айтканда, талкалап бүттүк. Бала мектепке барса, окуу китеби жок. Ага: «Сайттан жүктөп ал», — дешет. 12 жылдык билим берүүгө өттүк, бирок жаңы система боюнча толук кандуу окутууга азыркыга чейин даяр эмеспиз.
Мугалимдердин айлыгын көтөрдүк. Бирок билим берүүнүн сапаты жакшырдыбы? Мен бул жерде мугалимдерди эч качан күнөөлөбөйм. Тескерисинче, аларды педагогикалык ишке тиешеси жок милдеттерден бошотуу керек деп эсептейм. Мугалимдер көчө шыпырып, чиновниктерди кол чаап тосуп алып же майрамдарда бийлөөгө милдеттүү эмес. Бул кесиптин кадыр-баркын түшүрүү.
Реформа үчүн эле реформа жүргүзө берүүнүн эмне кереги бар? Өзгөрүүлөр акырындык менен ишке ашырылышы керек. Ага мамлекет да, коом да даяр болушу зарыл. Биринчи кезекте балдарга эмнени окутуп жатканыбызды кайра карап чыгышыбыз керек.
Практикалык билимди көбөйтүп, балдарды окууга, талдоого жана өз алдынча ойлонууга үйрөтүү зарыл. Жасалма интеллект доорунда үй тапшырмалары да башкача болушу керек.
Мен азыр реформаларды бир аз жайлатып, билим берүүнүн мазмунуна көңүл бурмакмын. Мындай чоң көйгөйдү бир эле чечим менен жөнгө салуу мүмкүн эмес. Бирок эч нерсе өзгөрбөсө, келечекте өлкө үчүн кесепети өтө оор болушу мүмкүн.
Экинчи көйгөй — инфляция. Эл азык-түлүктүн жана күйүүчү-майлоочу майдын кымбатташын күн сайын сезип жатат. Бул маселени бир күндө чечүү мүмкүн эмес. Өзүбүздүн өндүрүштү, айрыкча азык-түлүк өндүрүшүн өнүктүрүшүбүз керек. Импортко канчалык көз каранды болсок, баанын өсүшү элге ошончолук оор тиет.
Өкмөт ички дүң продукциянын өсүшү тууралуу айта алат, чынында эле өсүш бар. Бирок баалар да кымбаттап, элдин кирешеси ага жетпей жатат. Менимче, инфляция бүгүн Министрлер Кабинетинин башкы көйгөйлөрүнүн бири.
Үчүнчү көйгөй — коррупция. Бул тууралуу президент өзү да айтып келет. Албетте, коррупцияны бир күндө жок кылуу мүмкүн эмес. Бирок ал дагы эле бар, анын ичинде күнүмдүк турмушта да кездешет жана дээрлик бардык тармакка таасирин тийгизет.
Бул тизмеге саламаттык сактоону да кошмокмун. Азыр эле сапаттуу медициналык жардам алуу оңой эмес. Корком, мындан ары абал дагы татаалдашы мүмкүн.
— Өлкө туура багытта өнүгүп баратканына ишенесизби? Же абалдын баары начар деп эсептейсизби?
— Баары начар деп айтпайм. Мен пессимист эмесмин, баары жакшы болоруна ишенем. Муну президентке жагынуу үчүн айтып жаткан жокмун, бирок акыркы алты жылда өлкө чындап эле алдыга жылды. Экономикалык өсүш бар, ар кандай тармактарда оң өзгөрүүлөр болуп жатат.
Мен ушул өнүгүү темпи басаңдабаса дейм. Эгер аны сактап кала алсак, баары жакшы, балким, абдан жакшы болот деп ойлойм.