Кыргызстанда жүзүн жашыргандар үчүн айып пулду эки эсе азайтуу сунушталууда

Кыргызстанда мамлекеттик мекемелерде жана коомдук жайларда жүзүн толук жаап жүргөндөр үчүн жазаны жеңилдетүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Болот Сагынаев, Марлен Маматалиев, Табылды Муратбеков, Алтынбек Кылычбаев жана Улан Сариев иштеп чыгышты. Документ коомдук талкууга коюлду.
Белгилей кетсек, учурда бул мыйзам бузуу үчүн 200 эсептик көрсөткүч (20 миң сом) өлчөмүндө айып пул каралган.
Негиздеме-маалымкатта айтылгандай, иштеп жаткан айып пул айрыкча кирешеси аз жарандар үчүн олуттуу каржылык жүк жаратат. Демилгечилердин пикиринде, мындай жаза үй-бүлөлүк бюджетке өтө эле оор тийиши мүмкүн.
Депутаттар бир кыйла жумшартылган айып пул ашыкча каржылык жүк жаратпастан, мыйзам бузуу үчүн жоопкерчиликти сактап калууга мүмкүндүк берет деп эсептешет. Ошол эле учурда эскертүү берүү адамга колдонуудагы чектөөлөр менен таанышып, экинчи ирет мыйзам бузуудан качууга шарт түзөт.
Мыйзам долбоорунун авторлору чет элдик туристтерге өзгөчө көңүл бурушкан.
Кыргызстанга жүзүн толук жапкан кийим диний же маданий салтынын бир бөлүгү болгон өлкөлөрдүн жарандары келишет. Жергиликтүү чектөөлөрдү билбөө мыйзам бузууга алып келиши ыктымал, ал эми ири өлчөмдөгү айып пул сапардан алган таасирди бузушу мүмкүн.
Маалымкатта ошондой эле медициналык беткаптар инфекциялардан коргонуу үчүн колдонулары белгиленет. Мында беткап тагынуунун өзү мыйзам бузуу болуп эсептелбейт: жоопкерчилик мыйзамда белгиленген өзгөчө жагдайлар жок болгон шартта жүзүн толук жашыргандар үчүн гана каралган.
Эмнелерди өзгөртүү сунушталууда:
• Жүздү толук жашыргандыгы үчүн айып пулду 20 миңден 10 миң сомго чейин азайтуу;
• Тыюуну биринчи жолу бузган чет өлкөлүк жарандар үчүн айып пулдун ордуна эскертүү берүү;
• Ошондой эле Кыргызстанда колдонууга уруксат берилген жана медициналык каражат деп таанылган, өнөр жайлык ыкма менен жасалган медициналык беткаптарды колдонгон жарандарга карата да эскертүү колдонуу;
• Эскертүү берилгенден кийин бир жыл ичинде кайра кайталанган мыйзам бузуу үчүн 10 миң сом өлчөмүндө айып пул салуу.
Ошол эле учурда чет элдик жарандар мыйзамда каралган учурларда өздүгүн аныктоо үчүн жүзүн убактылуу ачууга милдеттүү болот.
Кайсы өзгөчө учурлар сакталып калат?
Чектөө мурдагыдай эле жүзүн жашыруу медициналык көрсөтмөлөргө, эмгек же кызматтык ишмердүүлүккө, спорттук, маданий, оюн-зоок жана башка коомдук иш-чараларга катышууга байланыштуу болгон учурларга жайылтылбайт.
Авторлор мыйзам долбоору ооз менен мурунду жабууга өзүнчө тыюу салбай турганын такташты. Мындан тышкары, жарандарды жанында дайыма медициналык маалымкатты же беткаптын каттоо документтерин алып жүрүүгө милдеттендиришпейт.
Ошентип, документтин авторлору түшүндүргөндөй, жүздү толук жаап жүрүүгө тыюу салуу өзү күчүндө калат. Өзгөртүүлөр айып пулдун өлчөмүнө жана жоопкерчиликке тартуу тартибине гана тиешелүү.
Анара Мамытова