Акча уурдоого шектелип, Токмоктун 39 жаштагы тургуну кармалды

Акча уурдоого шектелип, Токмоктун 39 жаштагы тургуну кармалды

Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан акча уурдоого шектелип, 39 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облусттук милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Төмөнкү Ала-Арча айылында ушул жылдын 31-августунда саат 16:30 чамасында белгисиз жаран май алмаштыруучу жайга кирип, 56 миң сомдон ашык суммадагы каражатты уурдап кеткен. Анын үстүнөн ошол эле айылдын тургуну арыз менен кайрылып, кылмышкерди жазалоону суранган.

Бул факт Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталган.

Тергөө иштеринин натыйжасында кечээ, 21-сентябрда кылмышка шектүү катары Токмок шаарынын О.З. аттуу тургуну кармалган.

Шектүү Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда сотко чейинки иштер башталды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>