Аламүдүн районунда 70,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

02.11.2026 | 15:48
Аламүдүн районунда 70,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды — Новости Кыргызстана
Аламүдүн районунда 70,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды — иллюстрация

Чүйдүн Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл аймагындагы 0,54 гектар жайыт жери мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн натыйжасында аталган жер тилкеси 1998-жылы «К.» ЖЧКсынын жеке менчигине мыйзамсыз өткөрүлүп берилгендиги аныкталган.

Прокурордук чаралардын негизинде баасы 70 миллион 540 миң 200 сом деп бааланган жайыт тилкеси мамлекетке өттү.

Scroll to Top