Манас районунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү тогуз айда 396 млрд сомдон аштыОрусия, АКШ жана Украинанын сүйлөшүүлөрү 10–11-ноябрда Абу-Дабиде өтөт — УиткоффЧүйдө салмак-габариттик көзөмөл бекеттеринин кызматкерлери пара алууга шектелип кармалыштыКыргызстан менен БАЭ айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты талкуулаштыДастан Бекешев күч түзүмдөрүнө карата даттанууларды текшере турган көз карандысыз орган түзүүгө чакырдыӨзгөндө жолду сапатсыз салган ишканага 200 миң сом айып пул салынды
Чүйдө салмак-габариттик көзөмөл бекеттеринин кызматкерлери пара алууга шектелип кармалышты
03.11.2026 | 10:53

Чүй облусундагы беш салмак-габариттик көзөмөл бекетинин бир катар кызматкерлери пара алууга шектелип кармалышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.
Маалыматка ылайык, кармалган кызматкерлер ченемдерди бузган оор жүк ташуучу унааларды тоскоолдуксуз өткөрүү үчүн айдоочулардан акча алып турушканы аныкталган. Мындай аракеттер автоунаалардын көзөмөлсүз өтүшүнө жол ачып, жолдорго жана мамлекетке зыян келтирген.
28-октябрда кызматкерлер кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Атайын кызмат учурда окуяга катышы бар башка адамдарды жана жагдайларды тактоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар
Теги: УКМК