Орусия, АКШ жана Украинанын сүйлөшүүлөрү 10–11-ноябрда Абу-Дабиде өтөт — Уиткофф

Орусия, АКШ жана Украинанын ортосундагы үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жаңы раунду 10–11-ноябрда Абу-Дабиде (БАЭ) өтүүсү пландалууда. Бул тууралуу АКШ президентинин атайын чабарманы Стив Уиткофф билдиргенин чет элдик ЖМКлар жазып чыкты.
Жолугушуу Вашингтондун ортомчулугу менен жумушчу топтордун деңгээлинде өтөрү күтүлүүдө. Алдын ала маалыматтар боюнча, Америка тараптын атынан Уиткофф жана Жаред Кушнер катышат.
Сүйлөшүүлөрдүн негизги темалары Украинадагы атайын аскердик операцияны (СВО) токтотуунун ыктымалдуу шарттары, коопсуздук кепилдиктери, гуманитардык маселелер жана тынчтык жолу менен жөнгө салуунун мындан аркы кадамдары болмокчу.
Белгилей кетсек, сүйлөшүүлөрдүн жаңы раундун Абу-Дабиде өткөрүү мүмкүндүгү тууралуу 21-октябрда эле белгилүү болгон. Ал кезде Орусиянын президентинин жардамчысы Юрий Ушаков жолугушуу ноябрь айынын ортосунда өтүшү мүмкүн экенин, бирок так датасы макулдашыла электигин билдирген.
30-октябрда Ушаков Москва менен Вашингтон сүйлөшүүлөрдүн мөөнөтүн тактоого киришкенин кабарлаган. Анын айтымында, орус тарап өз сунуштарын америкалык өкүлдөргө өткөрүп берген.
Эртеси күнү, 31-октябрда Владимир Зеленский Киевдин үч тараптуу жолугушууга катышууга даяр экенин ырастаган. Ал учурда 6-ноябрдан 10-ноябрга чейинки күндөр талкууланып жаткан, бирок сүйлөшүүлөрдүн өтүүчү убактысы жана орду боюнча акыркы чечим чыга элек болчу.
Эми Америка тарап так мөөнөттү — 10 жана 11-ноябрды атады.
Абу-Дабидеги жолугушуунун алдында америкалык өкүлдөр Брюсселде Франция, Германия, Улуу Британия, Евробиримдик жана НАТОнун өкүлдөрү менен кошумча кеңешмелерди өткөрүүнү пландап жатышат.
Анда тараптар Украина үчүн коопсуздук кепилдиктерин, Европа коопсуздугунун келечектеги системасын жана өлкөнү калыбына келтирүүгө экономикалык колдоо көрсөтүү маселелерин талкуулашат деп күтүлүүдө.
Сүйлөшүүлөрдүн жаңы раундуна даярдык көрүлүп жатканына карабастан, мүмкүн болуучу тынчтык келишиминин негизги шарттары боюнча Москва менен Киевдин позициялары дагы эле кескин айырмаланып турат.
АКШнын ортомчулугу менен сүйлөшүүлөрдүн буга чейинки раунду 2026-жылдын февралында өткөн. Алдыдагы жолугушуу узакка созулган тыныгуудан кийин үч тараптуу дипломатиялык диалогду кайра жандандырууга тийиш.