АКШ Ирандагы объекттерге сокку урду — Тегеран жооп кайтарды

Иран АКШнын соккуларына жооп катары Бахрейндеги жана Кувейттеги америкалык базаларга чабуул жасады. Ирандын IRIB басылмасы кабарлагандай, Бахрейндеги АКШнын Аскердик-деңиз күчтөрүнүн Бешинчи флотунун штаб-квартирасынын аймагында кеминде 10 жарылуу угулган.
Mehr агенттигинин маалыматына караганда, жарылуулар Кувейттеги америкалык базада да болгон. Америкалык базаларга жасалган чабуулдардан улам Сауд Арабиясы жана Иордания аба мейкиндигин жарым-жартылай жапты. Ирандын маалымат агенттиктери ошондой эле Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (ИРСК) абадан коргонуу күчтөрү америкалык MQ-9 учкучсуз учуучу аппаратын жок кылганын билдиришүүдө.
Буга чейин, соккулардын биринчи толкунунда, АКШнын Аскердик-аба күчтөрү Ормуз кысыгынын жээгинде жайгашкан Сирик шаарынын порттук зонасындагы объекттерге чабуул жасаган, деп кабарлады Ирандын Mehr агенттиги.
Мындан тышкары, ири Бендер-Аббас портуна дагы үч аба соккусу урулганы такталды. Ошондой эле Кешм аралынын аймагында америкалык соккунун натыйжасында балык унун чыгаруучу завод жарым-жартылай зыянга учураган.
Хузестан провинциясынын Ахваз шаарындагы объекттерге да чабуул жасалды. Систан жана Белужистан провинциясынын Расак шаарында жана Кенарак портунда жарылуулар угулган. Экинчи толкундун жүрүшүндө америкалык аскерлер Ирандын командалык пункттарына, абадан коргонуу объекттерине, ракеталык жана учкучсуз системаларга, ошондой эле жээктеги байкоо жүргүзүү объекттерине сокку урушту. Бул Ирандын коммерциялык кемелерде иштеген деңизчилерге коркунуч туудуруу мүмкүнчүлүгүн андан ары алсыратуу максатында жасалды.
Жарандар арасында курмандыктар тууралуу маалымат жок.
АКШнын Куралдуу күчтөрү ошондой эле деңиз блокадасын бузуп, Ирандын Перс булуңундагы портуна кирүүгө аракет кылган бош мунай танкерине сокку урду.
CENTCOMдун маалыматы боюнча, Кюрасао желеги астындагы M/T Belma коммерциялык кемеси Харг аралын көздөй багыт алган. Танкер эскертүүлөрдү тоготпогондон кийин, америкалык аскер учагы Hellfire ракеталары менен кеменин моруна сокку уруп, аны иштен чыгарган.
Ал ортодо АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Ирандын тегерегиндеги кырдаал оңой болбой турганын, бирок анын пикиринде, процесс туура багытта өнүгүп жатканын билдирди.
«Мунун баары так эмнеге алып барарын билбейм, бирок, негизинен, биз туура багытта баратабыз деп эсептейм. Болгону, бул процесс көптөгөн тыныгуулар жана кайра жандануулар менен коштолгон абдан татаал жол болот», — деди Вэнс The Joe Rogan Experience подкастында.
Америкалык вице-президенттин айтымында, учурда АКШ бир эле учурда экономикалык басым көрсөтүп, Иран жетекчилигинин прагматикалык маанайдагы өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.