Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Кыргызстанда аткаминерлердин мыйзамсыз аракеттери үчүн кенемте төлөтүү сунушталууда
16.07.2026 | 12:53

Кыргызстандын Юстиция министрлиги мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүдө жарандардын жана ишкерлердин укуктарын коргоонун жаңы механизмдерин киргизген Административдик ишмердүүлүк жана жол-жоболор жөнүндө кодекстин долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Документке ылайык, жарандар жана бизнес өкүлдөрү мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз чечиминен, туура эмес аракеттеринен же аракетсиздигинен улам зыян тартса, кенемте талап кыла алышат.
Мындан тышкары, долбоор мамлекеттик органдарга мурда кабыл алынган чечимдер жаран же ишкер үчүн жагымдуу укуктук натыйжаларды жараткан болсо, аларды өз билемдик менен жокко чыгарууга тыюу салат.
Юстиция министрлиги мурда билдиргендей, документ ошондой эле «унчукпай макулдук берүү» принцибин киргизет. Ага ылайык, эгерде мамлекеттик орган белгиленген мөөнөттө чечим кабыл албаса, арыз жактырылды деп эсептелет.
Бул эрежеден улуттук коопсуздук, коргонуу, саламаттык сактоо жана курчап турган чөйрөнү коргоо маселелери боюнча өзгөчөлүктөр каралган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом