Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Адылбек Касымалиев Катардын мурдагы эмири менен коштошуу аземине катышты
16.07.2026 | 11:38

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Катар мамлекетине барып, өлкөнүн мурдагы эмири шейх Хамад бин Халифа Аль Тани менен расмий коштошуу аземине катышты.
Сапардын алкагында Адылбек Касымалиев Катардын азыркы эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен жолугушуп, Кыргызстандын президентинин атынан анын атасы — мурдагы эмир шейх Хамад бин Халифа Аль Танинин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты.
Расмий коштошуу аземи 13-июлдан 15-июлга чейин Доха шаарында өттү. Ага бир катар мамлекеттердин президенттери, өкмөт башчылары, башкаруучу династиялардын өкүлдөрү жана башка жогорку даражалуу расмий адамдар катышты.
Теги: кабмин