COP31: Кыргызстандын павильонунда климаттын тоо туризмине таасири талкууланды

15.11.2026 | 16:27
На COP31 в павильоне Кыргызстана обсудили влияние климата на горный туризм — Новости Кыргызстана

14-ноябрда Түркиянын Анталья шаарында өтүп жаткан БУУнун климат боюнча COP31 саммитинде Кыргызстандын улуттук павильонунда «Климаттын өзгөрүшү жана тоо туризми: жаратылыш мурастарын коргоо жана туруктуу келечекке инвестиция салуу» деген эл аралык панелдик талкуу өттү. Аны Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик уюштурду.

Катышуучулар климаттын өзгөрүшүнүн тоо туризмине тийгизген таасирин, тоолуу экосистемаларды жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоону, туристтик инфраструктуранын климаттык тобокелдиктерге туруктуулугун жогорулатууну жана эл аралык инвестицияларды тартууну талкуулашты.

Агенттиктин директорунун кеңешчиси Санжарбек Болотов өлкөнүн туристтик потенциалы тоолуу жаратылыш менен түздөн-түз байланыштуу экенин, ал эми климаттын өзгөрүшү ага олуттуу коркунуч жаратып жатканын белгиледи. Анын маалыматы боюнча, Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты жылдан-жылга кыскарууда, ал эми 2026-жылдын биринчи жарымында өлкөдө 348 сел катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу болжол менен беш эсе көп. Мындай көрүнүштөр туристтик маршруттардын коопсуздугуна, инфраструктурага жана жергиликтүү калктын кирешесине таасир этет.

Баяндамада туризмди өнүктүрүү менен жаратылышты коргоо бир убакта жүргүзүлүшү керектиги айтылды. Мисал катары Соң-Көлдөгү экологиялык талаптарды сактоо, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында экотуризмди өнүктүрүү жана ак илбирстин жашоо чөйрөсүн коргоо боюнча иштер келтирилди.

Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) Жаратылыш жана айлана-чөйрө бөлүмүнүн директору Йоко Ватанабе тоолуу аймактарда туруктуу туризмди эл аралык каржылоо тууралуу айтып берди. Анын маалыматы боюнча, АӨБ өткөн жылы климаттык долбоорлорго 13,5 млрд АКШ долларын багыттаган, ал эми банктын жалпы инвестицияларынын 23%ы жаратылышты жана айлана-чөйрөнү коргоого туура келет. Кыргызстан катышып жаткан Жашыл климаттык фонддун аймактык программасынын жалпы каржылоо көлөмү 200 млн долларды түзөт, АӨБдүн ага кошкон салымы – 3,5 млн доллар.

Ватанабе туруктуу тоо туризмин өнүктүрүүнүн төрт багытын атады:

  • туристтик инфраструктураны пландаштырууда климаттык тобокелдиктерди эске алуу;
  • тоолуу экосистемаларды жана биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо;
  • жергиликтүү жамааттардын, өзгөчө аялдар менен жаштардын туризмге катышуусун кеңейтүү;
  • гранттарды, кредиттерди жана кепилдиктерди натыйжалуу пайдалануу.

Ошондой эле Кыргызстанда токой ресурстарын башкарууну жакшыртууга жана жергиликтүү жамааттардын алардан экономикалык пайда алуусуна багытталган CARE механизми иштелип чыгып жатканы билдирилди.

Талкууга Түркмөнстандын Ynamly Durmush чарбалык коомунун директору Махым Мамметтажова жана Азербайжандын Women, Development, Future коомдук бирикмесинин төрайымы Гүлшан Ахундова катышты. Алар климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууда жаштардын жана жарандык коомдун ролу тууралуу айтышты.

Теги: туризм
Scroll to Top