«Бул сыйлык меники эле эмес» — Зухра Шидакова Достук ордени жөнүндө

Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандагы орусиялык мекендештер уюмдарынын Координациялык кеңешинин төрайымы, «Ата-Журт» карачайлардын эл аралык ассоциациясы» коомдук бирикмесинин президенти, Кыргызстан элинин Ассамблеясынын Кеңешинин төрагасынын орун басары жана Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Зухра Шидакованы Достук ордени менен сыйлады.
Ал Reporter.kg басылмасына берген маегинде сыйлык тапшыруу учурунда орус лидери менен эмне жөнүндө сүйлөшкөнүн, бул жолугушуу ага кандай таасир калтырганын жана сыйлыкты эмне үчүн жалпы эмгектин үзүрү деп эсептей турганын айтып берди.
— Зухра Хажымахмутовна, биз салтанаттын түз эфирин көрүп, сыйлыкты тапшырып жатканда сиз Владимир Путин менен бир нече сөз алмашканыңызды байкадык. Эмне тууралуу сүйлөштүңүздөр?
— Биринчиден, ал мага ишим үчүн ыраазычылык билдирди. Ал эми орденди тагып жатканда акырын: «Ийнеси сайылып кетпесин, абайлаңыз», — деди. Мен ага: «Биз иштеп жатабыз», — деп жооп бердим. Биздин ортобузда ушундай кыска баарлашуу болду.
— Ал сизге камкордук көрсөтүптүр. Ал эми жолугушуунун өзү кандай таасир калтырды? Владимир Путинди ушундай деп элестетет белеңиз?
— Жок, андай эмес. Ал абдан боорукер, сүйкүмдүү адам экен. Сыйлыкты тапшырып жатып, куттуктап, азыр экөөбүз сүйлөшүп жаткандай эле өтө жөнөкөй мамиле кылды. Чынын айтсам, аябай таң калдым.

Биз аны дайыма жумуш үстүндө — олуттуу, токтоо көрүүгө көнүп калганбыз. Анын акылы сергек, жүрөгү жалындуу. Ал эми жеке жолугушууда ал абдан жылуу, көңүл бурган жана баарлашууда жөнөкөй адам болуп чыкты.
— Бул сыйлыктын артында сиздин көп жылдык коомдук ишмердигиңиз турат. Элдердин ортосундагы достукту бекемдөөгө багытталган кайсы окуялар, долбоорлор же жолугушуулар өзгөчө эсиңизде калды?
— Билесизби, 2009-жылдан бери, Кыргызстан элинин Ассамблеясына иштеп келгенден тарта менин бардык ишмердигим коомдук иштер менен байланыштуу.
Ассамблеянын негизги милдети — элдердин ортосундагы достукту, биримдикти, ынтымакты жана тынчтыкты бекемдөө. Кийинчерээк орусиялык мекендештер мени Координациялык кеңешке чакырышты. Ал жерде да максаттар, негизинен, ошондой экенин көрдүм: адамдарды бириктирүү, достукту жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө.
Бүгүн мен Москвадан чоң таасирлер менен учуп келдим. Учакта болгон окуялардын баары тууралуу ойлонууга убакыт болду. Ошондо акыл-эси ордунда болгон ар бир адам биринчи кезекте тынчтыкты жана ынтымакты каалайт деген ойго келдим.
Анткени бизге жашоодо эмне керек? Тынчтык, бейпилдик, достук. Ал Россия менен Кыргызстандын ортосунда гана эмес, бардык кошуналар, бардык элдер менен болушу керек.
Адам баласы тынчтыкта, достукта жана ынтымакта жашап, балдарды өстүрүп, аларга билим берип, коомго пайдасы тийген татыктуу инсандарды тарбиялоо үчүн жаралса керек.
«Анын көп жылдык эмгеги жогору бааланды» — Россиянын элчилиги

Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчи-элчиси Екатерина Чистова Reporter.kg басылмасына берген комментарийинде Зухра Шидакованын Достук ордени менен сыйланышы анын көп жылдык коомдук ишмердигин таануу болгонун белгиледи.
«Биз Зухра Хажымахмутовнанын көп жылдык эмгеги Владимир Владимирович Путин тарабынан мынчалык жогору бааланганына абдан сыймыктанабыз жана кубанычтабыз. Ал анын ишмердигин өтө так мүнөздөп, улуттар аралык тынчтык жана ынтымак баалуулуктарына өзгөчө көңүл буруп жатканын, ошондой эле Кыргызстанда Россия элдеринин маданиятын жайылтууга көп аракет кылып жатканын белгиледи», — деди дипломат.
Чистованын айтымында, Шидакова көп жылдар бою улуттар аралык мамилелерди бекемдөө менен алектенип келет. Ал Кыргызстан элинин Ассамблеясынын Кеңешинин төрагасынын орун басары, «Ата-Журт» карачайлардын эл аралык ассоциациясынын жана Кыргызстандагы орусиялык мекендештер уюмдарынын Координациялык кеңешинин жетекчиси болуп саналат.
Тактап айтканда, Шидакова Кыргызстанда Түндүк Кавказ элдеринин бий фестивалдарын уюштурат, ошондой эле орусиялык мекендештерди бириктирүү боюнча иш алып барат.
«Ал бул ишке бүтүндөй жан дилин берет. Орусиялык мекендештердин Координациялык кеңешинин төрайымы катары Зухра Хажымахмутовна орусиялык диаспораны баш коштурууга, тынчтыкты жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө көп эмгек кылууда. Жана, албетте, мунун баары Кыргызстандагы улуттар аралык ынтымакты сактоого өбөлгө түзөт», — деп баса белгиледи Чистова.
КМШ өлкөлөрүндөгү ар түрдүү улуттардын өкүлдөрүнө болгон мамиле тууралуу Reporter.kg басылмасынын суроосуна жооп берип жатып, дипломат Кыргызстандагы ишинин алгачкы күндөрүнөн тартып эле жергиликтүү калктын меймандостугун жана ак көңүлдүүлүгүн сезгенин белгиледи.
«Бардык өлкөлөрдө башка улуттагы адамдарга жылуу мамиле жасашат. Мен Зухра Хажымахмутовнанын абдан акылман сөзүн кайталагым келет: улуттар аралык ынтымак, элдин биримдиги — бул күч. Азыр муну баары түшүнүп жатканы абдан маанилүү. Ал эми Кыргызстанда муну башка жакка караганда өзгөчө терең түшүнүшөт», — деди ал.
Чистованын сөзү боюнча, ал өлкөгө келгенге чейин эле кыргызстандык достору бар болуп, алар менен байланышып турчу.
«Бул жерге келгенде алгачкы күндөрдөн баштап эле кыргыз элинин жылуу мамилесин сездим. Мен чынында эле тынчтыктын, жакшылыктын жана ынтымактын кучагына кирдим. Жана Кыргызстандын жетекчилиги буга чоң көңүл буруп жатканы абдан маанилүү. Бул туура», — деп жыйынтыктады дипломат.
Яна Крайнюкова
Анара Мамытова