Балдарды мите курттардан кантип коргоо керек: Бишкектеги адистердин сунуштары

Балдар топурак менен көп ойногондуктан, колдорун жана ар кандай буюмдарды оозуна салуу адатынан, ошондой эле жеке гигиена эрежелерин сактабагандыктан мите курт инфекцияларын тез жуктуруп алышат. Бишкек шаардык ден соолукту чыңдоо борбору (БДЧБ) жуктуруп алуу коркунучун кантип азайтуу керектигин айтып берди.
Дарыгерлердин маалыматы боюнча, мите курттар организмге кир кол, булганган суу, жуулбаган жер-жемиштер, ошондой эле булганган топуракка тийгенде кириши мүмкүн.
Баланы мите курттардан кантип сактоо керек
Мите курт ооруларынын алдын алуу үчүн адистер төмөнкүлөрдү сунушташат:
• дааратканадан кийин, сейилдеп келген соң жана тамактанар алдында колду самындап жуу;
• жашылчаларды, мөмө-жемиштерди жана көк чөптөрдү жегенге чейин жакшылап жууп туруу;
• таза жана коопсуз ичүүчү сууну гана пайдалануу;
• тырмактардын тазалыгына көз салып, балдарды тырмак тиштебөөгө жана кир колдорун оозуна салбоого үйрөтүү;
• балдарга булганышы мүмкүн болгон топуракта эмне үчүн жылаңайлак басууга болбой турганын түшүндүрүү;
• үйдүн ичин таза кармоо жана бала көп кармаган буюмдарды дайыма тазалап туруу.
Эмне үчүн балдарга өз алдынча мите куртка каршы дарыларды берүүгө болбойт
Борбордон дарыгердин көрсөтмөсү жок, жөн гана алдын алуу максатында балдарга мите куртка каршы дары-дармектерди берүүгө болбой турганын эскертишет.
Текшерүүнүн жана дарылоонун зарылдыгы паразиттин болжолдонгон түрүнө, оорунун белгилерине (симптомдоруна) жана эпидемиологиялык кырдаалга жараша аныкталат. Эгерде оору жуктуруп алды деген шек жаралса, адистер дарыгерге кайрылууну сунушташат.
БДЧБнын адистери жеке гигиенанын жөнөкөй эрежелерин так сактоо балдардын мите курт инфекцияларын жуктуруп алуу коркунучун кыйла азайтууга жардам берерин баса белгилешти.