Кыргызстанда КРВИ жана сасык тумоо көбөйүүдө: жуманын ичинде 8 миң учур катталдыВиктор Козодой: «Кыргыз цивилизациясы — дүйнөнүн бешинчи дарыялык цивилизациясы»«Ала-Арча» резиденциясында ачылган мектеп менен бала бакчага кабыл алуу башталдыЭнергетика министри Кара-Кечедеги көмүр казууларды текшерди: дефицит жокКыргызстанда жаңы футбол клубу түзүлдү. Аны Өмүрбек Бабанов каржылайтБишкектин бир районунда 20-ноябрда суу убактылуу өчүрүлөт
Алдамчылыкка шектелген Жеңиш Разаков камакта калтырылды
23.02.2023 | 17:47
Алдамчылыкка шектелип кармалган Кыргызстандын мурдагы вице-премьер-министри Жеңиш Разаковдун камактагы мөөнөтү эки айга узартылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Биринчи май райондук сотунан билдирди.
Маалыматка караганда, ал 24-апрелге чейин камакта калтырылды. Разаков №1 тергөө абагында камакта болот.
Буга чейин ал 24-февралга чейин камакка алынган.
Эскерте кетсек, Жеңиш Разаков 24-январда кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (алдамчылык) жана 337-беренесинин 4-бөлүгү (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча иш козголгон.
Маалым болгондой, милицияга Б.А. аттуу жаран арыз жазып, Разаков 1 млн доллар алып, бербей койгондугун билдирген.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом