Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Египеттеги мелдеш: Нурмухаммед Абдуллаев коло үчүн күрөшөт
23.02.2023 | 17:36
Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Нурмухаммед Абдуллаев (60 кг) Египеттеги Ibrahim Moustafa мелдешинин жарым финалында жеңилип калды.
Жарым финалда ал түркиялык балбан Керем Камал менен күрөшүп, 0:8 эсебинде утулду. Эми Абдуллаев коло үчүн күч сынашат.
Эскерте кетсек, Нурмухаммед Абдуллаев килем үстүнө бүгүн, 23-февралда чыгып, таймашты квалицификациялык раунддан баштаган. Биринчи беттешинде ал тажикстандык балбан Асламжон Азизовду 10:1 эсебинде жеңген.
Андан кийин чейрек финалда египеттик Ахмед Багдуда менен күч сынашып, аны 7:4 эсебинде уткан.
Белгилей кетсек, аталган мелдеш 23-26-февраль күндөрү Александрия шаарында болуп өтөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт