Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Чүйдө 6 млн сом алдап кеткен шектүү кармалды
23.02.2023 | 19:00
Жер тилкесин мыйзамдаштырып берүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, жабырлануучунун айтымында 2021-жылдын жаз айларында жер тилкесин мыйзамдаштырып берүү үчун шектүүгө 6 млн сом берген. Жер тилке Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айыл аймагына караштуу Анар-Бак конушунда жайгашкан. Натыйжада шектүү акчаны алган боюнча, убадасына турбастан изин жашырган.
Бул факты милицияга катталып, алдамчылык беренеси менен иш козголуп, издөө иштери башталган.
Натыйжада алдамчылыкка шектүү М.Т кармалып, сот ага убактылуу кармоочу жайга камакка алуу чечимин кабыл алган.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар