Мотоцикл айдоо үчүн A жана A1 категорияларын кантип алууга болотКыргызстан 2028-жылы футзал боюнча Азия Кубогун өткөрүүнү каалайтКыргызстандын аскерлери Орусиядагы ЖККУнун ири машыгууларына катышуудаБишкектин айрым көчөлөрүндө 29-сентябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтВучич кызматтан кетти. Ал парламенттик шайлоого катышатКыргызстандык кикбоксчулар Дүйнө чемпионатында 4 медаль утушту
Мурдагы вице-премьер Жеңиш Разаков кармалды
25.01.2023 | 17:20
Кыргызстандын мурдагы вице-премьер-министри Жеңиш Разаков кармалды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге өздүк булактар билдирди.
Маалым болгондой, ал алдамчылыкка шектелип кармалган.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Разаковдун кармалышы боюнча толук маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.
Жеңиш Разаков буга чейин Баткен облустук милициянын башчысы (2011-2012), өкмөттүн Баткендеги өкүлү (2012-2016-жыл), вице-премьер-министр (2016-2017 жана 2018-2020-жыл), Коопсуздук кеңешинин катчысы (2017-жыл), президенттин кеңешчиси кызматтарын (2017-2018-жыл) ээлеген.
Жеңиш Разаковдун толук өмүр баяны.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз