Ош шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттүКыргызстанга америкалык «Boeing» учактарын жеткирүү мүмкүнчүлүгү каралуудаАКШ Борбор Азияга ким менен кызматташуу керектигин таңуулабайт — Рубио
Алмамбет Шыкмаматов жаңы кызматка дайындалды
18.01.2023 | 13:25
Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Алмамбет Шыкмаматов “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын башкы директору болду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Мээрим Кадырова билдирди.
“Алмамбет Шыкмаматов жакшы коммуникациялык жөндөмгө жана стратегиялык ой жүгүртүүгө ээ болуу менен Бишкек эркин экономикалык аймагын тартипке келтирет деп ишенем”, – деп жазды пресс катчы.
Буга чейин Кудрет Тайчабаров “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын башкы директорлугунан өз каалоосу менен кеткендиги маалымдалган.
Тайчабаров аталган кызматка 2022-жылдын 14-ноябрында дайындалган.
А.Шыкмаматов буга чейин Инвестициялар министрлигин жетектеген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика