Алтынай Ботоярованы аэропорттон кантип тосуп алышты? Видео

Алтынай Ботоярованы аэропорттон кантип тосуп алышты? Видео

“Аалам сулуусу – 2023” эл аралык сулуулук сынагына Кыргызстандын атынан катышкан Алтынай Ботоярова мекенине кайтып келди. Аны 18-январда “Манас” эл аралык аэропортунан тосуп алышты.

Алтынай Ботоярова сынакта аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы пикирин билдирип, өз позициясын кийген кийими аркылуу да көрсөткөн.

Бул боюнча социалдык тармактын колдонуучуларынын пикирлери экиге бөлүнгөн: айрымдар анын бул аракетин колдоп, маанилүү темага көңүл бурганы үчүн кызга ыраазычылык билдиришкен. Башкалары аны «өлкөдөү көйгөйдү сыртка чыгарды» деп айыпташты. Ботоярова аларга Instagram баракчасында жооп берген.

Белгилей кетсек, 12-14-январь күндөрү Американын Жаңы Орлеан шаарында “Аалам сулуусу” сынагы өтүп, ага 86 өлкөнүн өкүлдөрү катышты. Соңунда жеңүүчү деп АКШнын өкүлү, филиппиндик модель, Техастан келген Р’Бонни Габриэль табылды.

Ал эми Алтынай Ботоярова буга чейин “Кыргызстан сулуусу — 2021” сынагынын жеңүүчүсү болгон.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от REPORTER.KG (@reporter.kyrgyz)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>