Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бишкек ЖЭБинде күз-кыш мезгили боюнча жыйын өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков «Бишкек жылуулук электр борбору» муниципалдык ишканасында 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилин өткөрүү маселелери боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Жыйынга чейин Акунбеков станциянын өндүрүштүк объектилери менен таанышты. Ал ишкананын учурдагы ишмердүүлүгүн, негизги жана көмөкчү жабдуулардын абалын, ошондой эле технологиялык процесстердин уюштурулушун карап чыкты.
ЖЭБдин жетекчилиги жабдуулардын иштөө режимдери, отун запасы жана станциянын жүктөмү жогорулаган мезгилдерде туруктуу иштешин камсыз кылуу үчүн көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.
Жыйында энергетика тармагынын күз-кыш мезгилине даярдыгы, электр энергиясын өндүрүүчү кубаттуулуктардын ишенимдүүлүгү жана керектөөчүлөрдү жылуулук жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу маселелери талкууланды. Энергетикалык компаниялардын өз ара аракеттенүүсүн координациялоого, мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүүгө жана энергетикалык инфраструктура объектилеринин туруктуу иштешин камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулду.
Жыйынга мамлекеттик органдардын жана энергетикалык компаниялардын жетекчилери катышты.
Жыйындын жыйынтыгында Акунбеков мамлекеттик органдардын жетекчилерине жылытуу мезгилинде энергетикалык объектилердин ишенимдүү жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу, жабдуулардын техникалык абалына көзөмөлдү күчөтүү, зарыл болгон отун запастарын түзүү жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча чараларды көрүүнү тапшырды.