Касымалиев өнүктүрүү фонддору каржылаган долбоорлор тууралуу айтып берди

Кыргызстандын өнүктүрүү фонддору энергетика, өнөр жай, айыл чарба жана башка тармактардагы долбоорлорду каржылоодо. Алардын ишинин жыйынтыктары тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.
Анын айтымында, Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду 2025-жылы 176 долбоорду каржылаган. Натыйжада 20 жаңы объект пайдаланууга берилген.
Колдоого алынган долбоорлордун арасында Ысык-Көлдөгү күн электр станциясы жана Чүй облусундагы цемент заводу бар.
Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду 2025-жылы жалпы суммасы 85,4 млн долларды түзгөн 31 долбоорду каржылаган. Алардын катарында Жалал-Абад облусунда чакан ГЭСтерди куруу жана Кара-Балта шаарында текстиль өндүрүшүн өнүктүрүү долбоорлору бар. Бул долбоорлордун алкагында 186 жумуш орду түзүлгөн.
Венгр-Кыргыз өнүктүрүү фонду 12,9 млн долларга алты долбоорду каржылаган. Алардын арасында Жалал-Абад облусундагы энергетикалык долбоор жана Ысык-Көлдө канаттуулар чарбасын өнүктүрүү долбоору бар.
Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду жалпы суммасы 76,7 млн долларды түзгөн 11 инвестициялык долбоорду жактырган. Анын колдоосу менен Ысык-Көл жана Ош облустарында эки чакан ГЭС курулууда.