Алматыда 48 жаштагы киши 12 кабаттан кулап, мерт кетти

Алматыда 48 жаштагы киши 12 кабаттан кулап, мерт кетти

Алматыда 5-декабрь күнү эртең менен «Нурлы-Тау» административдик-турак жай комплексинин аймагындагы көп кабаттуу турак жайдын жанынан кишинин сөөгү табылды.

Өзгөчө кырдаалдар боюнча шаардык департамент ал бизнес-борбордун 12-кабатынан кулап кеткенин билдирди. Окуя жергиликтүү убакыт боюнча 10:40 чамасында болгон.

Полиция департаменти маркумдун аты-жөнү тастыкталганын, ал 48 жаштагы киши экенин маалымдады. Териштирүү иштери башталды.

Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, бизнес-борбордун өкүлдөрү бул окуяга комментарий беришкен жок. Кырсык болгон жер курчоого алынды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>