1-ноябрь: Кыргызстанда күн жылуу болот, абанын температурасы +21° чейин көтөрүлөтБишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келет
Кыргызстан жана Түркия кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөшүүдө — лидерлердин жолугушуусу
01.09.2026 | 18:36

Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров 1-сентябрда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирет.
Тараптар кыргыз-түрк мамилелеринин жогорку деңгээлин жана эки тараптуу, ошондой эле көп тараптуу форматтарда ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн өнүгүшүн белгилешти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Жапаров менен Эрдоган Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы кызматташтыкты андан ары кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.Тактап айтканда, соода-экономикалык жана инвестициялык өз ара аракеттенүү, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана аскердик-техникалык кызматташтык тууралуу сөз болду.
Мындан тышкары, тараптар эки мамлекеттин өз ара пайдалуу кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында Жапаров менен Эрдоган кыргыз-түрк ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн андан ары тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө кызыкдар экендиктерин ырасташты.