Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Бишкектин батыш тарабында жаңы сейил бак пайда болот
26.08.2026 | 15:37

Бишкек шаарынын С. Кайназаров жана Профсоюзная көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы эс алуу жайы пайда болот. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Долбоорго ылайык, эс алуу жайында төмөнкү объектилер курулат:
- балдар аянтчасы;
- воркаут жайы;
- спорт аянтчасы;
- жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар;
- унаа токтотуучу жай.

Ошондой эле аймакка газондорду себүү, бак-дарактарды отургузуу, отургучтарды, таштанды урналарын жана энергия үнөмдөөчү жарыктарды орнотуу пландалууда.
Мекеме учурда долбоор Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрациясына кароого өткөрүлгөнүн билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом