«Аккую» АЭСи жана туризм: Бишкекте Путин менен Эрдогандын сүйлөшүүлөрү өттү

Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Россиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын лидери Режеп Тайип Эрдогандын жолугушуусу болуп өттү.
Россия лидери Анкараны сырткы саясаттагы жана экономикадагы артыкчылыктуу өнөктөш деп атады, ал эми Түркиянын президенти өлкөлөр ортосундагы ишенимдин жогорку деңгээлин жана мамилелердин динамикалуу өнүгүп жатканын белгиледи.
Талкуунун негизги темасы биргелешкен энергетикалык жана инфраструктуралык долбоорлор болду. Атап айтканда, Путин «Росатом» Түркияда курулуп жаткан «Аккую» АЭСинин биринчи энергоблогун 2026-жылы эле ишке киргизерин жарыялады. Ошондой эле тараптар туризм тармагындагы ийгиликтерди өзгөчө белгилешти: өткөн жылы Түркиянын курортторуна 7 миллионго жакын россиялыктар барган.
Сүйлөшүүлөрдүн протоколдук бөлүгүндө лидерлер аймактык кризистерди көтөрүшпөгөнү менен, Кремль буга чейин президенттер жабык форматта геосаясий маселелерди да талкуулоону пландап жатканын билдирген болчу.