Сентябрдан тарта ЕАЭБ аймагына ташылып келген айрым товарларга байкоо жүргүзүү системасы ишке кирет

Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан тарта Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып киргизилген товарларга байкоо жүргүзүү системасы ишке киргизилет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы маалымдады.
Аталган система Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан бекитилген тизмеге кирген товарлардын жүгүртүлүшүн көзөмөлдөө максатында колдонулат. Аталган тизмеге тиричилик муздаткычтары жана тоңдургучтары, кир жуугуч машиналар, телевизорлор жана башка теле- же видеоаппаратуралар киргизилген. Бул товарлар үчүн электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды (ЭТТК) колдонуу талабы жоюлат.
Байкоо жүргүзүү системасынын алкагында ЭЭФ 2.0 товарлардын кыймылын эсепке алуу жана көзөмөлдөө үчүн гана колдонулат. Ал салык милдеттенмелеринин аткарылышына таасирин тийгизбейт.
Ошондой эле 1-сентябрдан тартып салык төлөөчүлөргө товарлардын калдыктарын системага киргизүү үчүн бир айлык мөөнөт берилет. Сатууга арналбаган негизги каражаттар системага киргизилбейт.
Байкоо жүргүзүлүүчү товарлардын тизмеги Салык кызматынын расмий сайтынын “Сервистер” бөлүмүнө жайгаштырылган.