«Мындай окуя 50 жылда бир болот»: Роза Зергерли Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи тууралуу

Бишкектеги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде өнөр көрсөткөн азербайжандык ырчы Роза Зергерли Reporter.kg сайтына масштабдуу шоудан алган таасирлери менен бөлүшүп, көшөгө артында эмнелер болгонун айтып берди.
«Бишкек Аренанын» сахнасында артист өзүнүн эң белгилүү хиттеринин бири болгон «İstədim» («Кааладым») аттуу ырын аткарды.
Зергерлинин айтымында, бул салтанатка катышуу мүмкүнчүлүгү ал үчүн күтүүсүз окуя жана өзгөчө сыймык болду.
«Мындай иш-чарага барып, ага катышуу ар бир эле ырчыга буюра бербейт. Мен үчүн бул чоң күтүүсүз белек жана чоң сыймык болду», — деди артист.
Ачылыш аземинин коюлушу ырчыга өзгөчө таасир калтырган. Зергерли артисттер саундчек (үн текшерүү) учурунда программанын айрым элементтерин көрүшкөнүн, бирок иш-чаранын өзүндө баары кандай болорун аягына чейин элестете алышпаганын айтты.
«Бул укмуштуудай, теңдешсиз болду, анткени шоу өзү да керемет эле. Саундчекте биз мунун баарын көргөнбүз, бирок канчалык масштабдуу болорун биз, артисттер да түшүнгөн эмес окшойбуз», — деп бөлүштү ал.
Зергерли ачылыш аземин даярдаган команданын чоң эмгегин белгилеп, маданиятка жана искусствого көңүл бургандыгы үчүн Кыргызстандын жетекчилигине ыраазычылык билдирди.
«Бүтүндөй команда жана жалпы эле Кыргызстан абдан катуу аракет кылышты. Чыгармачылыкты, искусствону ушунчалык баалагандыгы үчүн сиздердин Президентиңиздерге жана биринчи айымга ыраазычылык билдирем», — деди ырчы.
Артист ачылыш аземине катышкан жогорку даражалуу коноктор тууралуу да өзүнчө токтолуп өттү.
Зергерли Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевдин жана өлкөнүн биринчи вице-президенти Мехрибан Алиеванын катышуусун белгиледи. Анын айтымында, салтанатка башка мамлекеттердин да көптөгөн өкүлдөрү келишкен.
«Ильхам Алиев жана вице-президент Мехрибан Алиева катышты, ошондой эле башка өлкөлөрдөн да абдан көп коноктор келди. Кечээ баары бул кереметтүү өлкөнүн коногу болушту», — деди Зергерли.
Ырчынын айтымында, чет элдик коноктордун көптүгү иш-чаранын масштабдуулугунун дагы бир көрсөткүчү болду.
Зергерли артисттердин сахнага чыгууга даярдыгы расмий делегациялардын келүүсү менен бир убакта жүргөнүн айтты. Көшөгө артында турган катышуучулар болуп жаткан окуяларга социалдык тармактар жана Кыргызстандын ЖМКларынын жарыялары аркылуу көз салып турушкан.
Ал алдын ала репетициялар жана саундчек учурунда көргөндөрү салтанаттын жыйынтыктоочу масштабын толук элестетүүгө мүмкүндүк бербегенин белгиледи. Анын айтымында, артисттер толук көрүнүштү иш-чара учурунда гана көрүштү.
Ачылыш аземине баа берип жатып, Зергерли аны дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чара деп атады.
«Мындай окуя, сыягы, 50 жылда бир болот. Дүйнөлүк деңгээл ушунчалык жогору болду жана сиздер кечээ муну ишке ашыра алдыңыздар», — деп таасирлери менен бөлүштү ырчы.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи 31-августта «Бишкек Аренада» өттү. Ага кыргызстандык жана чет элдик артисттер катышты.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги спорттук, маданий жана илимий иш-чаралары Ысык-Көлдө өтүп жатат жана 6-сентябрга чейин уланат.
Reporter.kg — Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий маалыматтык өнөктөшү.
Анара Мамытова