Кыргызстандык окуучулар информатика боюнча Балкан олимпиадасынан 5 медаль утушту

Кыргызстандык окуучулар информатика боюнча Балкан олимпиадасынан 5 медаль утушту

Кыргызстандык төрт окуучу информатика боюнча өспүрүмдөр арасындагы XVI Балкан олимпиадасында (JBOI 2023) эки күмүш, эки коло медаль жеңишти. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, олимпиада 25-28-ноябрда Түндүк Македониянын Струмица шаарында өтүп, кыргызстандык окуучулар ага онлайн видео көзөмөл форматында катышышты.

Жеңүүчүлөр:

— Алихан Айдарбеков, Нарын шаарындагы М.Субакожоев атындагы лицейинин 10-классынын окуучусу — күмүш медаль;

— Ян Бобрус, Бишкек Газпром мектебинин 8-классынын окуучусу — күмүш медаль;

— Абдулазиз Лебиев, Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов лицейинин 10-классынын окуучусу — коло медаль;

— Айпери Акжолтоева, Зияш Бектенов атындагы Ысык-Көл кыздар лицейинин 10-классынын окуучусу – коло медаль.

Ошондой эле Словениянын Марибор шаарында өткөн информатика боюнча XXX Балкан олимпиадасында кыргызстандык окуучу Исхак Тажибаев коло медаль тагынды. Исхак Тажибаев Чүй облусундагы “Кут Билим” окуу-тарбия комплексинде 10-класста окуйт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>