Асеин Исаев Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси болуп дайындалды

13.11.2026 | 13:40
Асеин Исаев назначен послом Кыргызстана в Бельгии — Новости Кыргызстана

Асеин Исаев Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

62 жаштагы Асеин Исаев Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында туулган. Ал Урал мамлекеттик университетин жана М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетин аяктаган.

Ал Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде ар кандай кызматтарды аркалаган. 2014-жылы да КРдин Бельгиядагы элчиси болгон. Ошондой эле Брюссель шаарындагы Европа шериктештиктеринин комиссиясынын алдындагы туруктуу өкүлү болгон. 2015-жылдын декабрынан тарта Кыргызстандын Франциядагы, Нидерланддагы, Люксембургдагы элчиси, ошондой эле НАТО жана ЮНЕСКОнун алдындагы туруктуу өкүлү кызматын коштоп аткарган.

2019-2022-жылдары Кыргызстандын Индиядагы элчиси болуп иштеген. 2022-жылдын ноябрь айынан тартып КРдин тышкы иштер министринин биринчи орун басары кызматын аркалап келе жаткан.

Scroll to Top