Арабаев атындагы КМУда заманбап журналистиканын көйгөйлөрү боюнча конференция өттү

06.11.2026 | 19:56
В КГУ имени Арабаева прошла конференция по проблемам современной журналистики — Новости Кыргызстана

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Заманбап журналистиканын актуалдуу маселелери» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.

Ага илим жана инновациялар боюнча проректор Айгүл Чалданбаева, Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев, Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин профессору Сергей Ильченко, Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору Аида Эгембердиева, эл аралык журналистика жана медиакоммуникациялар факультетинин деканы Милан Мырзагулов, ошондой эле окутуучулар жана чет өлкөлүк изилдөөчүлөр катышты.

Катышуучулар заманбап журналистиканын өнүгүү тенденцияларын, медиа мейкиндигиндеги өзгөрүүлөрдү, санариптик технологиялардын журналистикага тийгизген таасирин, маалыматтык коопсуздукту, жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн жана бүгүнкү күндө журналист кесибинин ордун талкуулашты.

Конференцияны университеттин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Эл аралык журналистика жана медиакоммуникациялар факультети уюштурду.

Scroll to Top