Кыргызстан менен Сальвадор виртуалдык активдерди жөнгө салуу боюнча меморандумга кол коюшту

06.11.2026 | 17:03
Кыргызстан менен Сальвадор виртуалдык активдерди жөнгө салуу боюнча меморандумга кол коюшту — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын президентинин алдындагы Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттиги (НАВА) менен Сальвадордун Санариптик активдер боюнча улуттук комиссиясы (CNAD) өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту. Документке 6-ноябрда НАВАнын жетекчиси Фархад Иминов менен CNADнын төрагасы жана аткаруучу директору Хуан Карлос Рейес Гарсиянын жолугушуусунда кол коюлду. Бул тууралуу агенттик билдирди.

Меморандум виртуалдык активдерди жана санариптик финансылык инструменттерди жөнгө салуу жаатында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана тажрыйба алмашууга багытталган. НАВАда бул документ президенттин алдындагы Виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларды өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин эл аралык тажрыйбаны үйрөнүү боюнча тапшырмаларын аткаруудагы кадамдардын бири экени белгиленди.

Иминов НАВAнын иши, ыйгарым укуктары жана ченемдик базаны өркүндөтүүнүн артыкчылыктуу багыттары тууралуу айтып берди. Анын айтымында, агенттик блокчейн-аналитиканы жана эл аралык стандарттарды колдонуу менен виртуалдык активдер рыногун лицензиялоо жана көзөмөлдөө боюнча бирдиктүү санариптик платформаны түзүп жатат. Ошондой эле реалдуу активдерди токендештирүү (RWA), инновациялык финансылык жана технологиялык чечимдерди сыноо үчүн жөнгө салуучу «кум аянтчаларын» түзүү жана инвестиция тартуу шарттарын иштеп чыгуу маселелери каралууда.

Сальвадор тарап лицензиялоо жана көзөмөл жүргүзүү, анын ичинде рыноктун катышуучуларынын талаптарга шайкештигин баалоо, контролдоо жана мыйзамдардын сакталышын камсыздоо боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү. Кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле виртуалдык активдердин мамлекеттик резервин түзүү, аны башкаруу, коопсуз сактоо жана коргоо маселелери талкууланды. Тараптар кадрларды даярдоо үчүн биргелешкен окуу иш-чараларын жана практикалык консультацияларды өткөрүү мүмкүнчүлүгүн да карашты.

Reporter.kg маалымкаты: 2021-жылы Сальвадор биткоинди мыйзамдуу төлөм каражаты катары тааныган дүйнөдөгү биринчи өлкө болгон. 2023-жылы өлкөдө санариптик активдерди чыгаруу жөнүндө мыйзам кабыл алынып, анын негизинде санариптик активдерди, анын ичинде стейблкоиндерди жана токендештирилген инструменттерди чыгарууну жана жүгүртүүнү лицензиялоо, жөнгө салуу жана көзөмөлдөө укугуна ээ CNAD түзүлгөн.

CNADнын төрагасынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 16-октябрына карата комиссиянын көзөмөлүндө 158 компания бар. Стейблкоиндерди кошкондо, чыгарылган санариптик активдердин жалпы көлөмү 193,23 млрд долларды түзгөн. 2026-жылдын октябрына карата комиссияга келип түшкөн 524 өтүнмөнүн 36%ы жактырылган.

Scroll to Top