Аксыда жерлерди жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүү фактысы боюнча иш козголду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жайыт жана сугат жерлерди жеке менчикке мыйзамсыз берүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, облустук прокуратура текшерүү жүргүзүп, Кара-Жыгач (азыркы Кара-Камыш) айыл өкмөтүнүн жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери 2021–2024-жылдары 1,41 гектар жайыт жана 0,68 гектар сугат жерлерин жеке менчикке мыйзамсыз чыгарып беришкени аныкталган.
Мындан тышкары, 2,45 гектар жайыт жана 3,20 гектар айыл чарба жери муниципалдык менчикке мыйзамсыз өткөрүлүп, кийин коммерциялык объектилерди куруу жана иштетүү үчүн ижарага берилген.
Башкы прокуратура бул аракеттердин натыйжасында мамлекетке 91 млн 302 миң 240 сом зыян келтирилгенин билдирди.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатканы маалымдалды.