«Кыргызкөмүр» Кара-Кече үчүн 26 млн сомго жаңы техника сатып алды

04.11.2026 | 11:33
«Кыргызкөмүр» Кара-Кече үчүн 26 млн сомго жаңы техника сатып алды — Новости Кыргызстана

Кара-Кече көмүр разрезине жалпы баасы 25 миллион 997 миң 580 сомду түзгөн үч жаңы фронталдык жүктөгүч келип түштү. Бул тууралуу Reporter.kg басылмасына «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Ишканадан такташкандай, техника «Элдик Банк» аркылуу лизингге сатылып алынды. Жаңы жүктөгүчтөрдүн ачкычтарын ишкананын жумушчуларына «Кыргызкөмүрдүн» башкы директору Рустамбек Садыралиев тапшырды.

«Кыргызкөмүр» Кара-Кече үчүн 26 млн сомго жаңы техника сатып алды — иллюстрация
Анын айтымында, жаңы техника Кара-Кеченин өндүрүштүк кубаттуулугун арттырууга, көмүр казуунун көлөмүн көбөйтүүгө жана калкты сапаттуу, жеткиликтүү отун менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Буга чейин көмүр разрези үчүн беш экскаватор сатылып алынган.

Мындан тышкары, жакынкы арада Кара-Кечеге ири сорттоочу комплекстин келиши күтүлүүдө. Келечекте ишкана көмүрдү жууп-тазалоо жана брикеттөө үчүн жабдууларды сатып алууну пландаштырууда.

Анара Мамытова

Scroll to Top