Нарын облусундагы кен казуучу компаниялар суу үчүн 1,2 миллион сом төлөштү

Нарын облусунун Жумгал районундагы «Мин-Куш» тилкесинде кен казуу иштерин жүргүзгөн ишканалар 2026-жылы суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн 1 миллион 225 миң 331 сом төлөштү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Төлөм Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 18-октябрындагы № 222 токтомун аткаруу максатында жүргүзүлгөн. Сумма суу өлчөөчү приборлордун көрсөткүчтөрүнө жана техникалык долбоордо каралган көлөмдөргө жараша эсептелген.
Мындан тышкары, Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Чой-Жап өрөөнүндө жайыт жерлерин мыйзамсыз басып алуу жана максатсыз пайдалануу фактылары текшерилди. Текшерүү президенттин № 109 жарлыгын аткаруу максатында жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө жайытка мал сарай мыйзамсыз курулганы аныкталган. Тиешелүү чаралар көрүлүп, курулуш буздурулду.
Министрликтен билдиришкендей, облуста жер жана суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну көзөмөлдөө жана мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча иш-чаралар улантылууда.