Коомдук ишмер, академик Жамин Акималиев 90 жашында дүйнөдөн кайтты

Бүгүн, 6-ноябрда, 90 жаш курагында айыл чарба илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги Жамин Акималиев дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу КРдин Улуттук илимдер академиясы кабарлады.
«Легендарлуу парламенттин» депутаты болгон Жамин Акималиев 1936-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районунда туулган. Ал Кыргыз айыл-чарба институтун бүтүргөн.
Эмгек жолунда Кыргыз ССРинин айыл чарба министринин биринчи орун басары, К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун ректору, Кыргыз агрардык академиясынын президенти жана Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтунун директору болуп иштеген.
Окумуштуу Бүткүл союздук айыл чарба илимдер академиясынын (ВАСХНИЛ) академиги жана Россия Илимдер академиясынын чет өлкөлүк мүчөсү болгон. Анын өсүмдүк өстүрүүчүлүк, топурак таануу, үрөнчүлүк жана кант кызылчасын өстүрүү багытында 200дөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде 15 монографиясы жарык көргөн.
Талыкпаган эмгеги үчүн «Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкери», «Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери» наамдары берилген, ошондой эле илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгон. Мындан тышкары, III даражадагы «Манас», Ленин, Октябрь революциясы жана эки ирет Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.