«Арча-Бешикте» абоненттердин суу үчүн төлөмү кайра эсептелди

«Арча-Бешикте» абоненттердин суу үчүн төлөмү кайра эсептелди

«Арча-Бешик» жаңы конушунун абоненттеринин суу үчүн төлөмү  кайра эсептелди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, июнь айында «Бишкексууканал» ӨЭБсы «Арча-Бешик» жаңы конушунун 5504 абонентинин убактылуу ичүүчү суусу жок болгон мезгили үчүн төлөмдөрүн кайра эсептеп чыкты.

Бул кайра эсептөө абоненттердин сууга жана саркынды сууга ай сайын төлөнүүчү төлөмдү, дебитордук карызды жана кайра эсептөө жөнүндө маалыматты камтыган  квитанцияларды берүү жолу менен жүргүзүлгөн.

“5 504 абоненттин ичинен 1 400ү чарбалык тилкелерди түнкү сугаруу кызматына төлөшкөн.  Бул каражаттар муздак суу жана канализация үчүн келечектеги абоненттик төлөмдөргө которулат. Эгерде абоненттердин суроолору болсо же кошумча маалымат алууну каалашса, 1533 кыска номуруна кайрылууга болот”, — деп айтылат маалыматта.

Маалымат үчүн:  «Арча-Бешик» конушунда 7072 абонент жашайт.  Кайра эсептөө 5504 абонентке жүргүзүлгөн. Ал эми калган 1568 абонентке ичүүчү сууга чектөө киргизилген эмес.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>