«Кыргызсериал» сценарийлер сынагын жарыялады. Катышуу шарттары кандай?

12.11.2026 | 15:16
«Кыргызсериал» сценарийлер сынагын жарыялады. Катышуу шарттары кандай? — Новости Кыргызстана

Кинематография департаментинин «Кыргызсериал» бирикмеси 2027-жылдын планына киргизүү үчүн сериалдардын сценарийлерине сынак жарыялады. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Сынакка тасма өндүрүүгө укугу бар юридикалык жактар: киностудиялар жана продюсердик компаниялар катыша алышат.

Сценарийлер төмөнкү багыттарды камтышы керек:

  • Улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү;
  • Улуттук иденттүүлүк жана салт-санаа;
  • «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик уңгужолу» мамлекеттик программасынын алкагындагы сериалдардын уландысы;
  • Тарбия-таалим жана адеп-ахлак;
  • Билим берүү жана агартуу;
  • Жаратылышты коргоо жана туризмди өнүктүрүү;
  • Көрүнүктүү инсандардын өмүрү жана чыгармачылыгы.

Сынакка ар бир катышуучудан бир гана өтүнмө кабыл алынат. Талапкерлер долбоорду сунуштоо катын, концепцияны, пилоттук сериянын сценарийин, кыска логлайнды, синопсисти жана автордук укукту тастыктаган документтерди тапшырышы керек.

Сценарийлер мамлекеттик тилде жазылып, мурда жарыяланбаган болушу шарт. Документтер 2026-жылдын 25-декабры саат 17:00гө чейин кабыл алынат. Сынакка катышуунун толук шарттары тууралуу Маданият министрлигинин расмий баракчаларынан табууга болот.

Scroll to Top